Бишкекте бүгүн эртең менен «Аламедин-1» кичирайонунун Автосборочная көчөсүндө окуучу кызды унаа сүзүп кеткен.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаа кызды сүзүп, тебелеп жана окуя болгон жерден кетип калган. Аны патрулдук милиция кызматкерлери изи сууй электе 1997-жылы туулган А.А. аттуу айдоочуну кармашкан.
Окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн