Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 23:21
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкекте ооруканада каза болгон 2 жашар баланын өлүмү боюнча иликтөө башталды

15.01.2024 10:30
396
Бишкекте ооруканада каза болгон 2 жашар баланын өлүмү боюнча иликтөө башталды


Бишкекте милиция ооруканада каза болгон 2 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январда М.А. аттуу жаран ооруканада кесиптик милдетин туура эмес аткаруудан улам 2021-жылы туулган К.А.нын өлүмүнө алып келген медицина кызматкерлерине чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн