Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт

07.12.2023 09:47
1350
Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт


8-9-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Мелдешке 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнөт.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлөт.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн