Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Бахчай" кафелеринин айланасына бомба коюлганы айтылууда

Бишкекте "Бахчай" кафелеринин айланасына бомба коюлганы айтылууда


Бүгүн эртең менен Бишкектин Саякбай Каралаев көчөсүндөгү "Бахчай" кафесинин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн, деп билдирди "Кабар" агенттиги.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, жерине райондук милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган.

Кафенин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кафенин кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды.

Ошондой эле агенттикке Свердлов райондук милициясынан кабарлашкандай, бүгүн эртең менен Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан "Бахчай" кафесине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн