Бишкек шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия 29-апрель шаар күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды жокко чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, Бишкек шаарында болгон пандемия мезгилинде коронавирустун 32 649 учуру катталды.
Эске салсак, былтыр эпидемиялык кырдаалга байланыштуу бул майрамдар да белгиленбей калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн