Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизмелерди алып жүргөн жаран аныкталды

26.02.2022 20:17
512
Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизмелерди алып жүргөн жаран аныкталды


Свердлов районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо учурунда  Бишкек шаарынын тургуну  Б.Б. аттуу жаран бир талапкерге үгүт иштерин жүргүзүү учурунда тизмелерди тактап, акча таратууга аракет жазап  жаткандыгы боюнча маалымат текшерүүгө алынган. 


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Б. аттуу жарандын 50 адамдын тизмесин алып жүргөндүгү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы  тарабынан аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген.


Учурда топтолгон материалдар БШКга жана Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн