Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды

17.05.2024 10:18
288
Бишкекте сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды


Бишкекте сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан ички иштер органдары менен биргеликте сойкулукка тартуу жана көмөктөшүү, интимдик жайларды уюштурууга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жеке адамдар тарабынан “vibish.com” интернет сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды.

2024-жылдын 16-майында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, М.К.Ш. сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган.

УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн