Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте студенттер жарманке өткөрөт

18.02.2021 12:04
524
Бишкекте студенттер жарманке өткөрөт

Бишкекте колледждин студенттери тарабынан жасалган азыктардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, борбор калаанын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 27-февралда Султан Ибраимов атындагы колледждин студенттери жана ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан жаңы азыктардын даамын татуу боюнча жарманке өткөрүлөт.

Иш-чара ишкерлердин, ата мекендик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен студенттердин ортосундагы баарлашуу үчүн талкуу аянтчасына айланат.

Уюштуруучулар тарабынан концерттик жана көңүл ачуучу программа даярдалып, коноктор азыктардын даамын тата алышат. Мындан сырткары, пенсиялык күбөлүгү бар адамдар жеңилдиктер менен камсыздалат.

Жарманке 27-февралда саат 11:00дөн 18:00гө чейин уланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн