Кулжа 06, 2025
Убакыт: 12:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Бишкекте таштанды челекке ыргытылган ымыркайдын энеси эки айга камакка алынды

Бишкекте таштанды челекке ыргытылган ымыркайдын энеси эки айга камакка алынды


12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту таштанды челекке ыргытылган ымыркайдын энесин камакка алуу чечимин чыгарды.


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2024-жылдын 11-январына чейин СИЗО-1де камакта болот.


Белгилей кетсек, 8-ноябрга караган түнү милицияга Лев Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке жаңы төрөлгөн ымыркайдын ташталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (Жаңы төрөлгөн баланын апасы тарабынан киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кийинчерээк 21 жаштагы кыз кармалган.


Эскерте кетсек, ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген жана баланын абалы туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн