Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 16:29
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бишкекте текшерүүдөн кийин 10 тез тамактануучу жайы жабылды

03.10.2023 13:51
293
Бишкекте текшерүүдөн кийин 10 тез тамактануучу жайы жабылды


Бишкектеги эки күндүк текшерүүдө тез тамактануучу жайларга 568 миң сомдук 36 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.


Маалыматка караганда, 10 тез тамактануучу жайда косметикалык ремонт жүргүзүлүп, идиш менен жашылчаны жууган өзүнчө раковиналар орнотулмай болду. Ал эми жумушчулар медициналык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттендирилди.


Эске салсак, Бишкектин жашоочулары 30-сентябрда ооруканага түшө баштаган. Бир жерден 50, экинчисинен 17 адам ууланган. Чуу жараткан окуядан кийин дагы төрт адам арызданган. 


Санэпидкөзөмөл органы текшерүү ишин Свердлов жана Биринчи май райондорунда жүргүздү. Эртең Октябрь жана Ленин райондорунда башталат. Шаарда жалпысынан такай иштеген 200 тез татым жайы бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн