Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:31
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Бишкекте телефон алдамчыларына тиешелүү аппаратуралар алынып, шектүү кармалды

14.10.2024 11:24
108
Бишкекте телефон алдамчыларына тиешелүү аппаратуралар алынып, шектүү кармалды


Бишкектеги батирлердин биринен телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратуралар алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.


Маалыматка ылайык, атайын СИМ-бокс аппаратурасы эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылган. Аталган аппарат менен кошо 120 сим-карта дагы алынганы айтылды.


Кылмышка тиешеси бар делип Т.К. аттуу жаран кармалган.


"Алдамчылар чет өлкөдө туруп СИМ-бокс колдонуу менен кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөн. Жыйынтыгында кармалган Т.К. аттуу чет өлкөлүк жаран борбордогу батирлердин биринде көзөмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта СИМ-бокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн жакшы суммадагы акча алып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле алдамчылар Улуттук банк жана ИИМ кызматкеринин жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөнү кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн