Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте телефон уурдаган жаран бир айга камалды

24.02.2021 18:45
1077
Бишкекте телефон уурдаган жаран бир айга камалды

Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюлдук телефон уурдоого шектүү 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.


Сот аны камакка алгандыгы белгиленди. Кармалган адам кийинки ай СИЗО-1де кармалат.

«3-февралда милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 11.30 чамасында Кулиев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан чайханада белгисиз адам андан 14824 сомдук Redmi 9 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендигин айткан», - деп билдиришти ИИМден.


Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүнү таап, кармоого жетишкен. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөө аны ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Миллион уурдаганында чыгып кетет елен.