Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкекте темир жолчулардын кесиптик майрамы белгиленди

05.08.2022 16:48
888
Бишкекте темир жолчулардын кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 5-августта “Кыргыз темир жолу ”УК” мамлекеттик ишканасында темир жолчулардын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.


Салтанаттуу иш-чараны “Кыргыз темир жолу”УК” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев ачып, акыркы жылдары кыргыз темир жолунда жасалган иштер, жетишилген ийгиликтерге кыскача токтолду.


“Биз өлкө жетекчилигинин колдоосу менен чоң кадамдарды аткара алдык. Мында албетте, ишкананын ар бир кызматкеринин чоң эмгеги бар. Жоопкерчилик менен өз ишин аткарып ар бир кесиптешимди майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм”-деди Сакиев.


Ал эми чакырылган коноктор да темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, жасалып жаткан иштер алкоого татый турганын баса белгилешти.


Салтанаттуу иш-чарада министрликтин, иш башкармалыктын ардак грамоталары, алкыш баракчалары тапшырылды. Аны менен катар Кыргыз темир жолунун төш белгилери менен ишинен артыкчылык көрсөткөн кызматкерлер сыйланды.


Эскерте кетсек, Кыргызстанда темир жолчулар күнү 1994-жылдан бери август айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн