Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөчү Т.Н. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Ал 8-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн