Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте кафеден өрт чыгып, ал коңшу үйгө жайылды (видео)

30.07.2020 15:48
744
Бишкекте кафеден өрт чыгып, ал коңшу үйгө жайылды (видео)


Бишкек шаарында турак үйдөн өрт чыгып, аны өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, алдын ала маалымат боюнча, Медеров көчөсүндө жайгашкан №63 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:17де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 15:24тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 15:28де Ленин райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин кабарчысы жеринде маалымдагандай, өрт "Людмила" аттуу кафеден чыгып, имараттын аймагын милиция кызматкерлери курчоого алышкан.


Өрт ошондой эле, коңшу үйгө жайылып, анын чатыры күйгөн. Мындан тышкары, өрт бала бакчанын имаратына дагы жайылган. Жабырлануучулар жок, жеринде өрттү өчүрүү үчүн төрт бөлүм иштеп жатат. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн