Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте үлүш жерлерин трансформациялоону талап кылган митинг өтүп жатат

22.06.2020 14:05
1214
Бишкекте үлүш жерлерин трансформациялоону талап кылган митинг өтүп жатат


Бишкекте бүгүн, 22-июнда өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунан келишкен. Бул жарандар үлүш жерлерин трансформациялоону талап кылып жатышат.

Катышуучулардын айтымдарында, ал жерге 50дөй адам чогулган. Митингчилер премьер-министр Кубатбек Бороновдун өзү чыгып, жооп берүүсүн талап кылышууда.

Ошондой эле алар өкмөт башчы сыртка чыкмайын аянттан кетпей тургандыктарын билдирип жатышат.

Эске салсак, Кубатбек Боронов премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жатканда кызыл китеби чыга элек Бишкектеги бир катар конуштардын жерлерин трансформациялоо боюнча өкмөт мыйзам даярдап Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөнүн билдирген эле.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн