Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды, деп билдирди 12-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Окуя 10-август күнү түнкү саат экилер чамасында Ахунбаев көчөсүндө болгон. Скутер минген эки жигит кыздын жанына келип, анын колунан iPhone 13 телефонун жулуп алып, көздөн кайым болушкан.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Д.У., 2003-жылы туулган Ш.А. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар экени такталууда. Буга байланыштуу ИИМ кармалгандардын аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0(509) 09-01-31, 0(551) 33-33-39 же 102 телефондоруна билдирүүнү өтүнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн