Бирдин айы 16, 2025
Убакыт: 23:45
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Бишкекте уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамишканалардын жана акционердик коомдордун жыйыны өттү

04.02.2025 15:08
81
Бишкекте уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамишканалардын жана акционердик коомдордун жыйыны өттү


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2024-жылга карата аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2025-жылга карата коюлган пландары боюнча жыйын өткөрүлдү.  


Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин баяндамасына ылайык, учурда министрлер кабинети экономиканын ар кандай тармактарында иштеген 43 акционердик коомдун акционери.  


Анда, мамлекеттик ишканалардын активдери 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2023-жылга салыштырмалуу 73 575,5 млн сомго көбөйүп, жалпы суммасы 410 210,2 млн сомго жеткен. Ал эми мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси өткөн жылы 36 153,2 млн сом болгон жана 2023-жылга салыштырмалуу 7 375,0 млн сомго көбөйгөн. 


Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине акционердик коомдор үчүн корпоративдик башкаруу маселелери боюнча иштерди күчөтүү, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапат стандарттарын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү зарылчылыгын белгилеп, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата таза кирешелерди көбөйтүү жана өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча иштерди күчөтүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн