Свердлов району, Суворов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатыран өрт чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 15:24 өрт чектөөгө алынып, саат 16:44 толук өчүрүлдү.
Натыйжада жалпы аянты 190 ч.м. турак үй жана дүкөн толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерде бир газ баллон жарылган, жабыркагандар болгон жок.
Өрттүн себеби: тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн