Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 10:22
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Бишкекте жаңы үч бала бакча пайдаланууга берилди

27.11.2024 16:50
233
Бишкекте жаңы үч бала бакча пайдаланууга берилди


Бүгүн Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда 140 орунга эсептелген №24 бала бакчанын, Калыс-Ордо конушундагы №29 жана Келечек конушундагы №27 бала бакчалардын ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Айбек Жунушалиев өз куттуктоо сөзүндө бала бакчалардын ачылышы жаш муундардын өнүгүшүнө кошулган баалуу салым экенин белгиледи.

"Бала бакчалардын ачылышы – бул келечекке жасалган жакшы кадам. Жаш муундардын өнүгүшүнө кошулган баалуу салым десек болот. Анткени, балдар бул жерден биринчи билим алып, инсандык дараметтерин ачып, дүйнөнү таанып-билүү үчүн алгачкы кадамын ташташат", - деди калаа башчысы.

№24 бала бакчасынын директору Миргүл Эгембердиеванын айтымында, бала бакча 140 орунга ылайыкталган, бирок натыйжалуу пайдалануунун негизинде 300 бала кабыл алынган.

"Министрлер кабинетинин буйругунун негизинде бала бакчалар жылма керебеттер менен жабдылып, мекемелердин кубаттуулугу жогорулап, көбүрөөк балдардын билим алуусуна шарт түзүлдү", - деди ал.

Айта кетсек, мектепке чейинки балдар мекемелеринде балдар үчүн уктоочу, оюн бөлмөлөрү, музыкалык бөлмөлөр жана атайын медициналык бөлмөлөр бар. Мекемелердин айланасы жашылдандырылып, заманбап балдар аянтчалары менен жабдылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн