Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте жол кырсыктан жабыркаган медиктердин абалы оор

19.06.2020 09:27
1209
Бишкекте жол кырсыктан жабыркаган медиктердин абалы оор


Бишкек шаарындагы жол кырсыктан улам жабыркаган медицина кызматкерлеринин абалы оор. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, тез жардам унаасы жол кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн бара жаткан. Кесилиште жүк ташуучу унаа тез жардам унаасын сүзүп, жол кырсыктан дагы бир жол тандабас зыянга учурады. Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматы чакырылган. Тез жардам унаасында 4 адам: дарыгер, 2 фельдшер жана айдоочу бара жаткан. Жабыркагандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Тез жардам кызматынын 4 кызматкери баш сөөгүнөн жаракат алган. Фельдшерлердин бири жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор.


Буга чейин 18-июлда саат 13:40 чамасында Бишкек шаарынын Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен "КамАЗ" кагышып, медицина кызматкерлери жаракат алганын шаардык патрулдук милициясы маалымдаган. 


Жол кырсыктан кийин Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын жетекчиси Искендер Шаяхметов элге кайрылып:  "Тез жардам унаасы дайыма жардам көрсөтүүгө кетип бара жаткан болот. Суранам, келгиле, тез жардам унаасына жол бошотуп бергенди үйрөнөлү", - деген. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн