Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 16:50
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Бишкекте жол жээктери туура эмес токтотулган унаалардан тазаланууда

08.01.2025 16:22
260
Бишкекте жол жээктери туура эмес токтотулган унаалардан тазаланууда


Бишкекте жол жээктери туура эмес токтотулган унаалардан тазаланууда.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол инспекторлору “Айчүрөк”, "Чынар", "Бишкек Парк" өңдүү соода борборлорунун алдында жана көчөлөрдүн жээктеринде туура эмес жерлерге токтотулган унаалардан тазалап, тийиштүү айып пулдарды салууда.

Акыркы бир жуманын ичинде Бишкек шаарынын аймагында туура эмес жерлерге токтотулган 4025 унаага 1000 сомдон айып салынып, ээси жок унаалар айып короо жайына токтотулду.

Башкармалык айдоочуларды унааларын туура эмес жерлерге токтотпоо керектигин эскертүүдө. Ошондой эле туура эмес жерлерге токтотулган унааларды көргөндөр 0777 102 102 ишеним номерине маалымат жөнөтсө болорун, аларга карата тийиштүү чара көрүлөрүн эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн