Бишкек шаарынын Ленин районундагы шаардык милиция бөлүмүнөн качкан жаран Чүй облусунун кызмакерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Чуй ОИИББынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү болжол менен саат 00:31 чамаларында Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринде катталган кылмыш ишине чыккан ыкчам тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттерден улам 50 жаштагы Т.Б. кармалган.
Учурда кармалган жаран
Ленин районунун кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу шектүү качып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн