Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 12:50
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүүдө

14.06.2023 14:14
443
Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүүдө


Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүүдө.


Жакшыртуу иштери шаарга батыш тараптан кирген жагында, тагыраагы, Алыкулов көчөсүнөн Кустанайга чейинки бөлүктө жүрүп жатат. Анда тротуарлар, веложолдор салынып, жаңы ирригациялык система курулат. Ошондой эле көчөлөр жарыктандырылат. Учурда адистер жолду өсүмдүктөрдөн тазалап даярдык көрүүдө.


Участоктун жалпы аянты 0,755 гектар.


Эске салсак, бир жыл мурда Кытай менен макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Циндао шаарынын бийлиги Бишкектеги аталган аймакты көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань бөлгөн.


Бишкек менен Циндао 2021-жылдан бери бир тууган шаарлардан болуп эсептелет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн