Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектеги башаламандык: Жарадар болгон 122 адам ооруканага түштү

06.10.2020 01:01
753
Бишкектеги башаламандык: Жарадар болгон 122 адам ооруканага түштү

Саат 24:00гө карата Бишкектеги митингдин жүрүшүндө жарадар болгон 122 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жалпысынан 65 адам түшкөн, анын ичинен 40ы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Жабыркагандардын экөө реанимацияга жаткырылган, дарыгерлер алардын абалын оор деп баалап жатат.

Улуттук госпиталга 40 адам түшкөн, анын ичинен экөөнө жабык түрдө баш мээси чайкалган деген диагноз коюлуп, реанимация бөлүмүнө жаткырылган.№1 шаардык клиникалык ооруканага эки жабыркаган адам келип түшкөн.

Чүй облустук ооруканасына 7 адам түшүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Улуттук хирургия борборуна жети адам түшкөн, бирөө амбулатордун дарыланууга. Каза болгондор жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн