6-октябрь саат 08:00гө карата ооруканаларга
түшкөн адамдардын саны 590ду түздү. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлиги
билдирди.
Маалыматка караганда, алар Тез жардам кызматы жана өздөрүнүн унаалары менен келип кайрылышкан.
Жаракат алгандардын 150сү ооруканага жаткырылып, алардын ичинен он үчөө жандандыруу бөлүмүңдө жатат. Жаракат алган 1 киши каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн