Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги бир катар акча алмаштыруучу жайлар жабылды

08.02.2023 10:37
396
Бишкектеги бир катар акча алмаштыруучу жайлар жабылды

Мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир катар акча алмаштыруу жайынын лицензияларынын аракети токтотулду.


Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, төмөнкү акча алмаштыруу жайлары убактылуу ишин токтотту:


1. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 22-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына:


- Бишкек шаары, Манас проспекти, 59-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы;


- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы;


- Бишкек шаары, Манас проспекти, 57-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «УРМАТБЕК» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы.


2. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 12-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына:


- Бишкек шаары, Манас проспекти, 34/2-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Кэш» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-майындагы № 6117 лицензиясы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн