Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:43
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бишкектеги кеңселердин бири курал менен 425 миң сомго тонолгон

05.01.2024 11:46
426
Бишкектеги кеңселердин бири курал менен 425 миң сомго тонолгон


Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын шаардык милиция кабарлады.


Өткөн жылдын 3-декабрь күнү Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бишкек ШИИББден маалымдашкандай, жабырлануучу арызында ошол күнү кеңсесинде бейтааныш адамдар аны тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сомун алып кетишкенин белгилеген.


Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Тоноо") менен иш козголгон.


Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББдин кызматкерлери Атайын багыттагы аскерлердин жардамы менен кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрдү.


"Алар 32 жаштагы Ж.Б., 28 жаштагы Н.К., 23 жаштагы К.А. болушкан. Буга чейин ушул сыяктуу бир катар кылмыштар үчүн соттолушкан. Мындан тышкары Н.К. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда убактылуу кармоочу жайда", — дешти Бишкек ШИИББден.


Тергөө уланып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн