Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө туруштук берет?

10.02.2023 16:17
565
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө туруштук берет?

Бишкекте курулуп жаткан үйлөр 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин Бишкек шаардык архитектураны көзөмөлдөө жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу билдирди.


Парламенттин "Мекенчил" депутаттар тобунун жыйынында эл өкүлү Айбек Осмонов республикадагы көп кабаттуу турак жайлардын сейсмикалык туруктуулугу жөнүндө сураган.


"Жер кыртышына жараша болот. Негизинен 8-9 баллга чейин туруштук бере тургандай болуп эсепке алынат. Ошого ылайыктуу экспертизалык корутундунун негизинде курулуш иштери башталат. 9 баллга чыдай турган болуп курулат", — деди Иманакун уулу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн