Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 23:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкектеги "Промзона" түнкү клубунда тинтүү жүрүп, айрым кызматкерлеринен баңгизат табылган

11.03.2024 17:16
266
Бишкектеги "Промзона" түнкү клубунда тинтүү жүрүп, айрым кызматкерлеринен баңгизат табылган


Бишкектеги "Промзона" түнкү клубунда тинтүү жүрүп, клубдун айрым кызматкерлеринен баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.


Буга чейин укук коргоо кызматкерлерине А. аттуу киши белгисиз адамдар менен бирге Бишкектин жана Чүй облусунун аймагында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча иш козголгон.


"38 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалып, анын үйүнөн баңгизат табылган. Бул иштин алкагында "Промзона" түнкү клубунун айрым кызматкерлери баңгизатын сатуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Милиция тинтүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 31 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү нашаа табылган", — деп жазылат билдирмеде.


Ал эми экинчи адамдын автоунаасынан медефрон заты алынган. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилгени, "Промзонанын" жетекчилигине юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн