Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 01:20:12
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Бишкектеги соода борборуна бомба коюлган деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

27.01.2025 13:58
203
Бишкектеги соода борборуна бомба коюлган деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды


Бишкектеги «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан өспүрүм кармалды.


Бишкек шаарынын ички иштеринин башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25-январда ИИМдин 102 байланыш номерине «Азия Молл» соода борборунда бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.


Соода борборун текшерүү учурунда эч кандай жардыргыч зат табылган эмес.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган М.А аттуу жаран кармалган.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн