Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектеги стационардын кызматкерлери өкмөттөн тез жардам унаасын бөлүп берүүнү өтүнүштү

16.07.2020 10:32
1212
Бишкектеги стационардын кызматкерлери өкмөттөн тез жардам унаасын бөлүп берүүнү өтүнүштү


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы өпкөсү кагынган бейтаптар үчүн стационарлардыниши менен таанышуу учурунда медициналык кызматкерлер жана волонтерлор күн сайын көмөк сурап кайрылган жарандардын өмүрүн сактоодо тушугуп жаткан көйгөйлөрүн айтышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, алар вице-премьер-министрден дары-дармек каражаттарына жана башка калкка көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөргө карата баалардын жогорулап жаткандыгына көңүл бурууну өтүнүштү. Ошондой эле алар тез жардам унаасын жана 1 жасалма дем алдыруучу аппарат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты, анткени, аларга ар кандай оорусу күч алган бейтаптар кайрылууда.

 

Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өкмөт тарабынан зарыл дары-дармектердин, анын катарында, “Гепарин”, “Клексан” сыяктуу башка дармектердин запасын тез арада камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

 

«Жакынкы күндөрү аракетибиз өз натыйжасын берет деп ишенем. Ал эми тез жардам унаасы менен камсыздоо маселеси Республикалык ыкчам штабдын деңгээлинде каралат жана сиздерге колдон келген көмөк көрсөтүүгө аракет кылабыз. Биз жалпыбыз үчүн жоопкерчиликтүү учурда бири-бирибизге жардам колун сунууга даярбыз. Биз бул абалдан бирге жана татыктуу чыга алабыз», - деди вице-премьер-министр.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн