Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 11:52
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкектен Ысык-Көлгө поезд качан жүрүп баштай тургандыгы белгилүү болду

02.06.2023 14:54
631
Бишкектен Ысык-Көлгө поезд качан жүрүп баштай тургандыгы белгилүү болду


Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.

"Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:

- мобилдик тел.: 0705 076696

- стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн