Бишкек шаарынан ыктыярдуу дарыгерлер кесиптешерин колдоо максатында коронавирус катталган аймактарга кетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
"Инфекция очогундагы врачтарды колдоо жана аларды алмаштыруу үчүн Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлердин бригадасы жөнөп кетти. Аларга жеке коргонуу үчүн керектүү каражаттар берилди жана иш сапар акылары төлөндү", - деди Акматова.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын саны 44 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн