Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 18-20-июнь күндөрү Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти, Фрунзе көчөсү, Киров көчөсү, Темир жол менен чектешкен аймакта газ берүү токтотулат.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн