Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бишкектин борбордук көчөсүндө 4 унаа катуу кагылышты (Видео)

Бишкектин борбордук көчөсүндө 4 унаа катуу кагылышты (Видео)

 Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, 20-апрелде болжол менен саат 00:41лер чамасында Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, аталган багытта бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан "Хундай-Портер" унаасын сүзүп, андан ары карама-каршы багыттагы "Хонда Тернео" унаасын сүзүп токтогон.

Натыйжада жол кырсыгынан 3 киши жабыркап, ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн