Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 18:46
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
0.995
1.045

Бишкектин четинде өтүп жаткан турнирде улакчы көк бөрү ойноп жатып каза болду

Бишкектин четинде өтүп жаткан турнирде улакчы көк бөрү ойноп жатып каза болду


Бишкектин четиндеги турнирде улакчы көк бөрү ойноп жатып каза болду. Маалыматты Тез жардам кызматы тастыктады.


Кырсык бүгүн Нооруз кубогунун биринчи лигасынын алгачкы оюнунда болгон. Анда "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешкен. Видеодон оюнчу улакты жерден алайын деп эңкейгенде күү менен келе жаткан башка улакчы аргымагы менен койдуруп кеткенин көрүүгө болот.


Аттан кулаган спортчу ордунан тура албай калган. Тез жардам кызматы 44 жаштагы киши башынан жаракат алып каза болгонун тастыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн