Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкектин четинде таксистке эки жүргүнчүсү бычак менен кол салган

Бишкектин четинде таксистке эки жүргүнчүсү бычак менен кол салган


Кечээ, 6-декабрь күнү, 52 жаштагы киши милицияга арыз жазып кайрылган. Ал өзүнүн Toyota Echo үлгүсүндөгү машинасы менен жүргүнчү ташып иштей турганын билдирген.


"52 жаштагы кишини 6-декабрга караган түнү Луговое айылында эки адам тоскон. Алар унаага отуруп 500 метрдей жылгандан кийин бирөөсү таксистке сол тарабынан бир нече жолу бычак урган. Кылмышкерлер машинадан акча, телефон алып из жашырып кеткен. Жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жеткирилген", — деди милиция.


Факты каттоого алынып, "Каракчылык" беренеси боюнча иш козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 38 жаштагы О.М. жана 20 жаштагы Ш.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн