Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 20:54
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Бишкектин чок ортосунда чөптүн арасынан тапанча табылды

05.07.2023 14:19
373
Бишкектин чок ортосунда чөптүн арасынан тапанча табылды


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тапанчаны бүгүн "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкери таап алып, болжол менен саат 09:45те кабар берген. Ал филармониянын түштүк аймагындагы газондун чөптөрүн кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу куралын таап алгандыгын айткан.

Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, табылган кара түстөгү темир тапанчасын алып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн