Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча быйыл 9-11-класстарды 180 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги тарабынан ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн