Быйыл 2022-жылы 9-майда Өзбекстанда аскердик парадды өткөрүү пландалган жок. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Тарбия жана идеалогиялык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ойбек Мамадалиев билдирди.
Мамадалиев 9-май Жеңиш күнү эмес, Эскерүү күнү экенин белгилеп, ардагерлерди даңктоо жана сыйлоого арналган иш-чаралар өтөрүн айтты.
Коргоо министринин өкүлү аскерлердин катышуусунда парад былтыр да, мурдагы жылы да өтпөгөнүн белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн