Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл айыл чарбасы үчүн 14 млрд сом сарпталды

23.11.2022 12:17
625
Быйыл айыл чарбасы үчүн 14 млрд сом сарпталды

Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылы айыл чарбасын колдоого канча каражат жумшалганын айтып берди.


Жаныбеков мамлекет тарабынан чоң колдоо болуп жатканын белгиледи.


"Быйылкыга 26 млрд 574 млн сом каралып, иш жүзүндө 14 млрд 670 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө анын 12 млрд 746 млн сому өздөштүрүлдү, башкача айтканда, жалпы сумманын 48 пайызы", - деди министр.


Анын айтымында, үрөн сатып алууга бөлүнгөн 1 млрд 534 млн сомдун 1 млрд 34 млн сому сарпталган.


"Ошондой эле жер семирткичтерди сатып алууга бөлүнгөн 975 млн сомдун 245 млн сому өздөштүрүлүп, 5 миң тонна аммиак селитрасын сатып алдык. Калган акчанын баары бюджетке кайтарылды", - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн