Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:38
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Быйыл борбор калаага 15 миңдей бак-дарак отургузуу пландалууда

31.01.2025 13:42
114
Быйыл борбор калаага 15 миңдей бак-дарак отургузуу пландалууда


Быйыл Бишкекке 15 миңдей бак-дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын Маркетинг, сатуу жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы жаңы жыл алдында жыл сайын план түзөт. Анда ар бир ай, квартал сайын кандай иштер аткарылары жазылат.


“Жасала турган жумуштарга Бишек шардык мэриядан жылына 625 милиондун тегерегиндеги каражат бөлүнөт. 832 гектар жерде өскөн бак-дарактарга, жашыл аймактарга кам көрүү жана гүлдөр кайтарылат. Жыл сайын жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бак-дарактарды отургузуп келебиз. Алардын ичинен ийне жалбырактуу бак-дарактардын өзүнүн отургузуу технологиясы боюнча кышында январь-февраль айларында отургузулат. Эгерде март суугурак болсо, мартта да отургузса болот”,-деди ал.


Ал кошумчалагандай, быйылкы жылдын жаз айларында гүлдөөчү гүлдөрдүн үрөңдөрү былтыр күз айында себилген.

“Учурда алардын уруктары чыгып калды. Марттан тарта алар гүлдөй баштайт”,-деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн