Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бийлик Көлбаевдин автоунааларын сатыкка тергөөсүз койгонун түшүндүрдү

21.11.2023 16:22
229
Бийлик Көлбаевдин автоунааларын сатыкка тергөөсүз койгонун түшүндүрдү


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жок кылынган Камчы Көлбаевдин автоунаалары соттун чечими чыкпай туруп же тергөөсүз аукционго кантип коюлуп калганын түшүндүрдү.


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Көлбаевдин мүлкү, автоунаалары мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүү боюнча келишимдин негизинде аукционго коюлганын билдирип, документке кримтөбөлдүн үй-бүлө мүчөлөрү кол койгонун кошумчалады.


Белгилей кетсек, буга чейин фонддун сайтында кримтөбөлдүн автоунаалары аукционго коюлгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Социалдык тармактагыларды соттун чечими чыкпай туруп машиналар кантип мамлекетке өтүп калганы кызыктырып, Sputnik Кыргызстан агенттиги мунун себебин сурады.


Эске салсак, электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат. Ага катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн