Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Биз кенедей эл болгонубуз менен башыбызда дүйнөдө сейрек кездешчү бир топ таракандарыбыз бар

11.08.2021 17:29
1241
Биз кенедей эл болгонубуз менен башыбызда дүйнөдө сейрек кездешчү бир топ таракандарыбыз бар


Кыргызым ай, кайра бөлүнүп-жарылып, жаатташып, араздашып жатып калдык. Мен өзүм көлдүкмүн. Именно Ысык-Көл районунан. Келинчегим Лейлектен, Баткенден эмес. Ошондуктан бул багытта тажрыйбалуу "эксперт" катары уруксат берсеңер бир-эки нерсе айтып коёюнчу э?


Биз кенедей эл болгонубуз менен башыбызда дүйнөдө сейрек кездешчү бир топ таракандарыбыз бар. Ал таракандардан кутулуунун жолун издебей, тескерисинче кастарлап багабыз. Ушунчалык стереотиптерибиз көп. Угуп, көрүп эсиң оойт.


Илгери көлдүк бир байкем түштүктөн бир кызды сүйүп калып, үйлөнөйүн десе апасы: "Мен өлүп калсам, жаназама дарбыз, коон алып келишип, элге уят болобуз..." деп шолоктоп ыйлаганы бар. Элестеттиңерби? Менин бир тууган карындашым Баткенге турмушка чыккан. Аны биз Кадамжайга кадимки фронтко узаткандай узатканбыз. Мен Лейлектен кыз алам дегенде эки жак тең бир сыйра чалкасынан кетип, биз депорт боло жаздап араң аман калганбыз.


Кыскасы туугандар, биз бул стереотиптер менен жашайбыз, кошо кетебиз. Бирок бизден кийинки муун, балдарыбыз андай болбойт. Себеби азыр бир топ аралашып калдык. Ички, тышкы миграция күчөп бала-бакча, мектепте балдарыбыз чогуу-чаран убакыт өткөрөт. Бирге ойноп, бирге окушат. Алар чоңойгондо айырмачылыктар анчалык өөн учурабайт. Экинчиден кыз алып, кыз берип, катташуу, коммерция, соода-сатык күчөдү. Азыр эч ким, "тигил жактын, бул жактын кызы экен" деп таң калбайт. Негизги маселе экономикалык мамилелердин ыңгайлуулугу.


Эгер биз экономикалык мамилелерди, кызматташууну жеңилдетсек, ортодогу тоскоолдуктар да жоюлат. Аймактар аралык саякат, ички туризмди жандандыра турган транспорттук байланыш, аба каттамдары, туристтик кызматтар арзан, чөнтөккө ылайык, чыгым жеңил болушу шарт. Ошондо куда-сөөк, туугандар, ишкерлер тоскоолдуксуз катташат. Сулайман тоого баруу же Ысык-Көлгө келүү материалдык жактан көйгөйгө айланбаш керек. Чет өлкөдө музейлерге барсаңар атайын уюштурулган окуучу, студент топторун байма-бай көрөсүңөр. Биздечи?


Элтай деген досум айткандай, биз бири-бирибизди таанып, бир эл болбой, көлдүк, оштук, нарындык, баткендик, таластык, чүйлүк деген улуттарга бөлүнүп кетип атпайбызбы...


Кыскасы, "мен бул жактыкмын, тигил жактыкмын, сыймыктанам!" деген жарма патриоттулук, жасалма лозунгдар менен болбойт бул иш! Турмушту жакшыртып, экономиканы көтөрүш керек!!!



Руслан Акматбек, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн