Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 22:38
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Биз кубанычыбызды бирөөлөр менен бөлүшсөк болот, ал эми кыйынчылыктарды өзүбүз жеңели

14.11.2024 13:53
232
Биз кубанычыбызды бирөөлөр менен бөлүшсөк болот, ал эми кыйынчылыктарды өзүбүз жеңели


Кубаныч – даанышмандыктын өзгөчө түрү.

(Николай Рерих)


Кубанычты күткөн дагы кубаныч.

(Готхольд Эфраим Лессинг)


Уурулук кылып сүйүнгөндөр бар, өз өмүрүн башкаларга арнап кубангандар бар.

(Бхакти Судхир Госвами)


- Жалгыз өзүм сүйүнсөм болобу?

- Жок. Сүйүнүш үчүн дагы бир киши керек.

(Эрих Мария Ремарк)


Дайыма кубанычтуу жүрүш керек. Эгер кубанычың түгөнүп калса, «эмнеден катачылык кетирдим?» деп ойлон.

(Лев Толстой)


Эмнеге кубануу керектигин билген киши гана чокуга жеткен болот.

(Луций Анней Сенека)


Кубанычтын күмүш кушу дайыма күтүүсүз келет.

(Константин Бельмонт)


Адам сүйүнгөн учурда жай жүрө алышы мүмкүн эмес. Буттар өзүнөн өзү эле чуркап кетет.

(Мария Парр)


Бирөөгө жардам берүүдөн алган ырахат сезимтал жүрөк үчүн эң жогорку сыйлык.

(Маркиз де Сад)


Бирөөгө кубаныч тартуулоо – бул жашоодогу эң чоң жыргалчылыктардын бири.

(Марта Кетро)


Кубаныч унутулат, ал эми кайгы болсо эч качан эстен кетпейт.

(Михаил Лермонтов)


Кээде ал өтмүшкө кайтып, кетирген катачылыктарын оңдоп ийгиси келип кетчү, бирок ал оюнан кайра айныйт. Себеби, кайгысы менен кубанычтары да кошо кетет да...

(Николоас Спаркс)


Башкалар кантип ойлогону маанилүү эмес. Өзүбүздүн жүрөгүбүздөгү кубаныч маанилүү.

(Пауло Коэльо)


Барына сүйүн, жоктон үмүт кылба.

(Райчел Мид)


Биз кубанычыбызды бирөөлөр менен бөлүшсөк болот, ал эми кыйынчылыктарды өзүбүз жеңели.

(Роберт Хайнлайн)


Биз сезген кубанычтын тереңдиги – башыбызга түшкөн азап-тозоктордун саны менен түздөн-түз байланыштуу.

(Роберт Макки)


Эгер сен бирдекени кубануу менен күтсөң, бул кубанычың сени башка үмүт сезимдериңе да өтөт.

(Рю Мураками)


Кубанычтын баары кызгалдак гүлүнүн желекчеси сыяктуу: колуң тийсе эле күбүлүп түшөт.

(Шарлотта Бронте)


Кубаныч – бул биздин жүрөгүбүздү жылыткан күн.

(Жан Жак Руссо)


Кубаныч – бул жөн гана жүзүңдөгү жылмаюу эмес. Кубаныч – бул баардык нерсе жаман көрүнүп турган учурда жакшылыкка ишенүү.

(Эльчин Сафарли)


Сенин картинаңан сен боёк менен айтмакчы болгон ойду окуй алган адам менен сүйлөшкөн кандай бакыт!

(Виктория Холт)


Бирөөнү аяганга караганда, анын ийгилигине сүйүнгөн кыйла оор.

(Сергей Маковецкий)


Бул таңда анын башына бир ой келди: куштар кубанганынан сайрашат болуш керек.

(Френсис Бернетт)


Кубанычты баардык нерседен: асмандан, дарактардан, гүлдөрдөн таба билиш керек. Гүлдөр баардык жерде бар, аларды көрө гана билүү кажет.

(Анри Матисс)


Кубаныч сенин ишиң ийгиликтүү жүргөнүндө эмес, сенин иштеп жатканыңда.

(Джек Лондон)


Жакшы нерселердин баары кеч, сен кубана албай калган кезде келет.

(Томас Манн)


Балким, менин сөзүм одоно угулаар, бирок кайгы менен кубаныч сүт менен печенье сыяктуу. Сүтү жок печенье болбогон сыяктуу, кубанычы жок кайгы да болбойт.

(Нил Гейман) 


Бала кездеги кубаныч эч качан унутулбайт.

(Мария Семенова)


Кубаныч – бул күн сыяктуу, аны көпкө жашыра албайсың.

(Иван Тургенев)


Ар кимдин өзүнө ченелүү кубанычы бар. Аны башкалар уурдап да, энчилеп да ала албайт: ал башкаларга ылайык келбейт.

(Юрий Домбровский)


Баардык кубанычтар убактылуу, аларды «жоготуп алдым» деп кейиген күлкүлүү.

(Артур Шопенгауэр)


Адамдардын кубанычынын кесеси канчалык чакан, аны толтура билгендер канчалык даанышман!

(Всеволод Овчинников)


Жашоо бизге үч кубанычты берет: үй-бүлөнү, досторду жана ишти.

(Сергей Лукьяненко)


Мамат Сабыров

 Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн