Бүгүн, 12-октябрда Министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткен Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.
"Урматтуу мекендештер, биздин иштегенибизге толук 250 күн болду. Бул убакта ар кандай оор абалды башыбыздан өткөрдүк.
Биз өзүбүздүн негизги милдетибизди аткардык деп айта алам. Анткени биз келгенде таза иштейбиз дегенбиз. Биз таза иштедик жана муну кийинки министрлерге мурас кылып калтырабыз.
Бизге ишеним көрсөтүп иштешкен бардык жарандарга ыраазычылык билдирем. Албетте, биздин ишибизди эл баалайт",- деди Марипов.
Пикирлер (4)