Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Биз түш болуп калабыз

23.12.2020 14:21
2804
Биз түш болуп калабыз
Ата-энеден он бир тууган жаралып,
Алар салган үйдө өттү балалык.
Анан куштай канаттары жетилген,
Ар тарапка канат күүлөп тарадык.

Окуп, иштеп, бүлө күтүп, жайландык,
Очок түптөп, бүлөбүзгө байландык.
Ата-эненин балдары элек ардактуу,
Эми өзүбүз ата-энеге айландык.

Сыноолорду кээде жеңип, жеңилип,
Сызып ичтен же ыйладык, же күлүп.
Атабызды жоктоп жүрүп капыстан,
Он бир тууган тогуз болуп кемидик.

Өмүргө өлүм, өлүмгө өмүр жалгашып,
Өтөт турмуш ак карасы кармашып.
Өгөйлөнүп калган кезде жашоого,
Сөзү кубат бир боорумдун жанга ысык.

Өтө берет турмуш, өмүр, тирилик,
Өзүбүзгө карайлычы үңүлүп,
Бөлөк, башка болгон менен үйүбүз,
Бир кан жүрөт денебизде жүгүрүп.

Баары кымбат-үй-бүлөбүз, балабыз,
Ошолордо түмөн түйшүк, санаабыз.
Бирок, бирок тууган тура табылгыс,
Бир ушуну баалай албай барабыз.
Түбөлүккө түркүк болгон эч ким жок,
Бир кездерде биз түш болуп калабыз.

Мелис Совет уулу, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн