Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Болот Шердин сөөгү эртең Таласка коюлат

22.06.2020 08:53
1169
Болот Шердин сөөгү эртең Таласка коюлат


 

Экс-депутат маркум Болот Шердин сөөгү эртең, 23-июнда саат 11:00дө Талас облусунун Чоң-Капка айылында жерге берилет. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынан маалымдашты.

 

Ошондой эле партия мүчөлөрү маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

 

Партия өкүлдөрү белгилешкендей, Болот Шер “Ата Мекендин” негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстандын чыгаан уулу, өлкө үчүн жаны күйгөн патриоттордон болгон.

 

Белгилей кетсек, Болот Шер кечээ, 21-июнда 62 жашында көз жумду. Ал 2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү палатасынын депутаты, 2005-жылы Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында депутат жана төраганын орун басары, ал эми 2010-жылы 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылы апрель окуяларында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары ички иштер министрлигинин кызматын аткарган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн