Түркияда жер титирөөдөн кийинки абал өтө оор. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
"Биз алгач 20 куткаруучуну жиберсек деп ойлогонбуз. Бирок абал оор экенин түшүнгөндө 67 куткаруучу жөнөттүк. Андан кийин гуманитардык жардам менен кошо дарыгерлерди жана куткаруучуларды кайрадан жөнөттүк. Үчүнчү жолу өзүм баш болуп 110 куткаруучуну алып бардык",- деди министр.
Министр Түркиядагы абал боюнча төмөнкүлөргө токтолду: "Абал өтө оор. Каза болгондордун саны күн сайын өсүп жатат. Азыр 37 миң киши каза болсо алардын саны дагы эки эсеге өсүшү мүмкүн экени айтылууда.
9 көп кабаттуу үйдөн турган кичирайонду мисал катары айтып кетейин.
3 үй шагыл болуп кулап калган. Дагы үчүндө жаракалар кеткен бирок адамдар жашап калган. Ал эми дагы үчөөндө кылдай дагы жарака кеткен эмес",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн